ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫН КУПУЯЛУУЛУК САЯСАТЫ
Бул Жеке маалыматтардын купуялуулук саясаты (мындан ары – Купуялуулук саясаты) «Евразийский Сберегательный Банк» ААК (мындан ары – Банк) тарабынан сунушталган продукттарды жана кызматтарды пайдалануу учурунда Банк колдонуучулардан ала турган бардык маалыматка тиешелүү.
- ТЕРМИНДЕРДИН АНЫКТАМАСЫ
1.1. Бул саясатта төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1.1.1. «Банк» – «Евразийский Сберегательный Банк» ААК.
1.1.2. «Банктын сервистери» – мобилдик тиркемелер, Интернет-Банк жана https://www.esb.kg сайтында жайгашкан башка сервистер, алар аркылуу колдонуучулар Банк менен келишимдердин алкагында же келишимсиз өз ара аракеттене алышат.
1.1.3. «Жеке маалыматтар» – түз же кыйыр түрдө белгилүү же аныктала турган жеке адамга тиешелүү маалымат.
1.1.4. «Жеке маалыматтарды иштетүү» – автоматташтырылган же автоматташтырылбаган ыкмалар менен жүргүзүлгөн ар кандай аракеттер: чогултуу, жазуу, системалаштыруу, сактоо, өзгөртүү, колдонуу, берүү, анонимдештирүү, бөгөт коюу, жок кылуу ж.б.
1.1.5. «Жеке маалыматтардын купуялуулугу» – Банк тарабынан милдеттүү түрдө сакталуучу талап, башкача айтканда, маалыматты субъекттин макулдугусуз же мыйзамдуу негизсиз таратууга жол берилбейт. 1.1.6. «Колдонуучу» – 18 жашка толгон жеке адам, Банктын келишимине кошулган.
- ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
2.1. Банктын сервистерин колдонуу – бул саясатка жана жеке маалыматтарды иштетүү шарттарына макулдук берүү дегенди билдирет. 2.2. Эгерде колдонуучу саясаттын шарттарына макул болбосо, анда сервистерди колдонуу токтотулушу керек.
- КУПУЯЛУУЛУК САЯСАТЫНЫН ПРЕДМЕТИ
3.1. Бул саясат «Евразийский Сберегательный Банк» ААК тарабынан колдонуучулардын жеке маалыматтарын жашыруун сактоо жана коргоо боюнча милдеттерди белгилейт. 3.2. Колдонуучулар Банктын сервистерин колдонгондо, өздөрүнүн жеке маалыматтарын Банктын иштетүүсүнө уруксат беришет.
- КОЛДОНУУЧУНУН ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРЫН ЧОГУЛТУУНУН МАКСАТТАРЫ
4.1. Колдонуучунун жеке маалыматтары Банктын Сервисине кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана функционалды колдонуу, ошондой эле Колдонуучулардын суроо-талаптарын иштетүү максатында колдонулушу мүмкүн.
- ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ ИШТЕТҮҮ ЫКМАЛАРЫ ЖАНА МӨӨНӨТТӨРҮ
5.1. Жеке маалыматтарды иштетүү мөөнөтү маалыматтар чогултулган максаттарга жетишүү менен аныкталат. Маалыматтарды иштетүү мыйзамдуу жолдор менен жүргүзүлөт, анын ичинде жеке маалыматтардын маалымат системаларында автоматташтырылган же автоматташтырылбаган каражаттарды колдонуу аркылуу жүргүзүлөт.
5.2. Колдонуучунун жеке маалыматтары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана берилет.
5.3. Банк Колдонуучунун жеке маалыматтарын мыйзамсыз же кокустук кирүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, бөгөттөн, көчүрүүдөн, жайылтуудан жана үчүнчү тараптардын башка мыйзамсыз аракеттеринен коргоо үчүн зарыл болгон уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрөт.
5.4. Эгерде жеке маалыматтар Колдонуучу тарабынан атайылап берилсе же Колдонуучунун айынан үчүнчү тараптарга кокусунан белгилүү болуп калса, Банк жоопкерчилик тартпайт.
5.5. Колдонуучунун жеке маалыматтары үчүнчү тараптарга берилбейт, эгерде бул Колдонуучу менен түзүлгөн келишимди аткаруу үчүн зарыл болбосо.
5.6. Колдонуучунун жеке маалыматтары үчүнчү тараптарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык же Колдонуучу ачык макулдугун берген учурда гана берилет.
5.7. Колдонуучу каалаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Банка берилген макулдугун кайтарып ала алат.
5.8. Банк Колдонуучунун жеке маалыматтарын иштетүүнү токтотууга же үчүнчү тарап тарабынан иштетүүнү токтотууга милдеттенет төмөнкү учурларда:
5.8.1. Колдонуучунун жеке маалыматтарын мыйзамсыз иштетүү аныкталганда; 5.8.2. Колдонуучу өзүнүн жеке маалыматтарын иштетүүгө берген макулдугун кайтарып алганда;
5.8.3. Колдонуучудан жеке маалыматтарды жок кылуу талабы алынганда;
5.8.4. Жеке маалыматтарды иштетүүнүн максатына жетишилгенде.
- ТАРАПТАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ
6.1. Колдонуучу милдеттүү:
6.1.1. Банктын Сервисин колдонуу үчүн зарыл болгон жеке маалыматтарды берүү. 6.1.2. Эгерде 6.1.1-пунктта көрсөтүлгөн маалымат өзгөрсө, берилген жеке маалыматтарды жаңыртуу жана толуктоо.
6.2. Банк милдеттүү:
6.2.1. Алынган маалыматты ушул Купуялуулук саясатынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн максаттар үчүн гана колдонууга.
6.2.2. Купуя маалыматты жашыруун сактоого, Колдонуучунун алдын ала жазуу жүзүндөгү уруксатысыз аны ачыкка чыгарбоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан башка учурда алмашууга, жарыялоого же башка жолдор менен жайылтууга жол бербөөгө.
6.2.3. Колдонуучунун жеке маалыматтарынын купуялуулугун коргоо үчүн ишкердик жүгүртүүдөгү адатта колдонулуучу тартипке ылайык сактык чараларын көрүүгө.
- ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
7.1. Банк Колдонуучунун жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат, бирок бул жоопкерчилик Купуялуулук саясатынын 5.2 жана 5.4-пункттарында көрсөтүлгөн учурларга колдонулбайт.
- ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРДЫ ЧЕЧҮҮ
8.1. Колдонуучу менен Банк ортосундагы мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштар боюнча сотко кайрылуудан мурда милдеттүү түрдө доо арыз (талашты ыктыярдуу жөнгө салуу боюнча жазуу жүзүндөгү сунуш) берилүүгө тийиш.
8.2. Доо арызды алган тарап аны алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде арыз ээсине жазуу жүзүндө жыйынтыгын билдирүүгө милдеттүү.
8.3. Эгерде макулдашууга жетишилбесе, талаш Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык сот органына өткөрүлөт.
8.4. Бул Купуялуулук саясатына жана Колдонуучу менен Банк ортосундагы мамилелерге Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары колдонулат.
- КОШУМЧА ШАРТТАР
9.1. Жаңы Купуялуулук саясаты Банктын сайтында жайгаштырылган учурдан тартып күчүнө кирет, эгерде жаңы редакцияда башкача белгиленбесе.
9.2. Учурдагы Купуялуулук саясаты https://esb.kg дарегиндеги баракта жайгаштырылган.
9.3. Колдонуучу өзүнүн жеке маалыматтарын иштетүүгө байланыштуу суроолор боюнча түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Банкка электрондук почта аркылуу кайрыла алат: office@esb.kg.
