Эсеп ачпастан дүйнө жүзү боюнча акча которуулар!
Эми акча которуу мурдагыдан да оӊой! Акча каражаттарын которуу үчүн сизге эсеп ачуунун кереги жок — болгону биздин бөлүмгө келип, бир нече мүнөттө дүйнөнүн каалаган бурчуна акча жөнөтүӊүз. Бул тез, ыӊгайлуу жана ишенимдүү!
Биздин Банкта жеткиликтүү болгон Акча Которуу Системалары:
- “Береке” системасы боюнча акча которуулар
- KWIKPAY
- Sendy
Артыкчылыктары:
- Дүйнө жүзү боюнча тез которуулар
- Эӊ аз документ талап кылынат жана тариздөө оӊой ишке ашат
- Ишенимдүүлүк жана коопсуздук
Сиздин акчаӊыз дүйнөнүн бардык бурчунда — оӊой жана жеткиликтүү!
Акча которуулар Кыргызстандын ичинде жүргүзүлөт.
Акча кайда жана кайдан которулгандыгына карабастан которууну 5 мүнөттүн ичинде алуу.
Комиссияны акча которууну жөнөтүүчү төлөйт.
Которуулар улуттук да, чет өлкөлүк да валютада жүргүзүлөт.
Жалпы которуулардын максималдык өлчөмү 1 кардар үчүн 1 ай ичинде 2 000 000 KGS же EURO, USD, RUB, KZT сыяктуу башка валюталардагы эквивалентин түзөт.
«Береке» - бул Кыргыз Республикасынын аймагында эсеп ачпастан акчаны тез которуу жана алуу мүмкүнчүлүгүн берген акча которуу системасы.
KWIKPAY
Бул система транзакцияларды иштеп чыгуунун жогорку ылдамдыгын камсыздайт, ал жөнөткөндөн кийин бир нече мүнөттүн ичинде рубль жана доллар менен которууларды алууга мүмкүндүк берет. Алуучудан эч кандай комиссия кармалбайт.
Валюта: RUB/USD
Камтуу: Россия, Армения, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан
Ылдамдыгы: бир нече мүнөткө чейинSendy - эл аралык төлөм системасы.
Sendy тиркемеси аркылуу Евразиялык Сактык Банкынын картасына которуулар. Которуу рубль менен жүргүзүлөт.
- Валюта: RUB
- Камтуу: КМШ
- Ылдамдык: бир нече мүнөткө чейин
Артыкчылыктары:
- Эсеп ачуу талап кылынбайт, картанын номери боюнча которуу;
- Жогорку которуу ылдамдыгы;
- Банктын каалаган бөлүмүндө которууну алуу;
- Россия рубли же сом менен которууну берүү;
- Комиссия жөнөтүүчү тарабынан төлөнөт;
- Которуунун минималдуу суммасы 100 рубль
Көбүрөөк маалымат: https://sendy.land/



