Банк жөнүндө

«Евразиялык Сактык Банкы» ачык акционердик коому

(«Евразиялык Сактык Банкы» ААК)

Негизделген жылы:

1998

Негизделген жылы:

1998

Телефон:

+996 (312) 38-91-91

Телефон:

+996 (312) 38-91-91

Уставдык капитал:

640 458 100 сом
Уставдык капитал:

640 458 100 сом
Факс машинасы:

+996 (312) 38-92-08
Факс машинасы:

+996 (312) 38-92-08
Жайгашкан жери:

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., көч. Ибраимова, 40/1
Жайгашкан жери:

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., көч. Ибраимова, 40/1
Электрондук почтанын дареги:

office@esb.kg
Электрондук почтанын дареги:

office@esb.kg

Банктын тарыхы

1997-1999-ж. Банктын түзүлүшү

  • 1997-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан уставдык капиталы 15 миллион сом болгон жаңы коммерциялык банк – «КыргызКредит Банк» АКБ катталган.

  • 1998-жылы банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан улуттук жана чет өлкөлүк валютада операцияларды жүргүзүүгө лицензия алган.

2000-2003

  • КыргызКредит Банкы калкка турак жай сатып алуу жана куруу үчүн насыя бере баштаган банктардын ичинен биринчилерден болуп саналат.

  • Банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда өз атынан жана кардарларынын атынан иш алып барган баштапкы дилер статусун алган.

  • Уставдык капитал 35 миллион сомго чейин көбөйгөн.

2004-2005

  • Кыргыз фондулук биржасында листингден өткөндөн кийин Банк «КыргызКредит Банк» ачык акционердик коому болуп кайра каттоодон өткөн.

  • Банк өзүнүн биринчи филиалын – «КыргызКредит-ЦУМ» ири соода борборлорунун бири болгон ЦУМ «Айчүрөк» дүкөнүндө ачты.

  • Кардарларга жаңы насыя продуктусу – узак мөөнөттүү товарларды сатып алуу үчүн «Ыкчам кредит» сунушталды.

  • КыргызКредит Банкы Кыргыз Республикасынын Банктар Ассоциациясына кошулду.

  • Банктын уставдык капиталы 110 миллион сомго чейин көбөйтүлдү. Банктын кирешелүү ишмердүүлүгү анын акционерлерине дивиденддерди төлөп баштоосуна мүмкүндүк берди.

2006-2007

  • КыргызКредит Банкы банктар аралык процессинг борборунун катышуучусу болуп, «Элкарт» улуттук төлөм карталарын чыгарууну жана тейлөөнү баштады.

  • Банктын уставдык капиталы 200 миллион сомго чейин көбөйтүлүп, балансы 600 миллион сомдон ашык сумманы түздү.

2008

  • Жаңы программалык камсыздоо киргизилди, ал банктын маалымат базасын бир кыйла эффективдүү жана тез иштетүүгө, ошондой эле банк продуктыларынын линиясын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

  • Банк өзүнүн филиалдык тармагын жигердүү кеңейтүүнү жана сунушталган эл аралык тез акча которуу системаларынын санын көбөйтүүнү улантты.

  • Банк Борбордук Азия фондулук биржасында листинг процедурасынан өттү.

  • Банктын уставдык капиталы 300 миллион сомго чейин көбөйгөн.

2016

  • Банк «Евразиялык Сактык Банкы» ачык акционердик коому болуп кайра каттоодон өттү.