ЖАҢЫЛЫКТАР

Коопсуздук максатында жана алдамчылык фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу сактык чараларын эскертебиз

Коопсуздук максатында жана алдамчылык фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу сактык чараларын эскертебиз

Урматтуу Банктын кардарлары, сак жана этият болуңуз!

Коопсуздук максатында, алдамчылык фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу төмөнкү сактык чараларын эскертебиз:

-Интернет-банкинг жана төлөм карталары кызматтарын коопсуз пайдалануу үчүн жеке маалыматтарды (колдонуучунун аты, пароль, ПИН-код, картанын номери, ырастоо коду ж. б.) үчүнчү жактарга (анын ичинде банк кызматкерлерине) өткөрүп бербөөнү сунуштайбыз;

- Жеке маалыматтарды (паролдорду) дайыма алмаштырып туруңуз, белгисиз шилтемелерди баспаңыз;

- Колдонуучунун маалыматына суроо-талапты камтыган каттарга жооп берүүнүн кажети жок;

- Үчүнчү жактын тиркемелерине жана веб-сайттарына картанын реквизиттерин киргизбеңиз, картанын реквизиттерин эч ким менен бөлүшпөңүз (анын ичинде сатып алуу/сатуу веб-сайттарында жана чаттарда, мессенджерлерде жана социалдык тармактарда, ошондой эле телефон жана электрондук почта аркылуу). "Евразиялык Сактык Банкы" ААКнын кызматкерлери тарабынан бул маалымат эч качан суралбайт!

- Банк картаңыздын сүрөттөрүн, айрыкча арткы бетиндеги сүрөттөрдү эч кимге жөнөтпөңүз же Интернетке жайгаштырбаңыз.

- Картанын арткы бетинде жайгашкан CVC/CVV кодун эч ким менен бөлүшпөңүз! Картаңызга которууну алуу үчүн сиз картанын алдыңкы бетиндеги 16 орундуу номерди гана жөнөтүшүңүз керек.

- Төлөм картаңызды жоготуп алсаңыз, мобилдик тиркемени колдонуу менен дароо блоктоңуз же болбосо каалаган жеткиликтүү түрдө (жазуу жүзүндөгү, электрондук, оозеки түрдө, көрсөтүлгөн номерлер боюнча) каражаттардын жеткиликтүүлүгүн өз убагында бөгөт коюу үчүн Банкка же ЖАК «Банктар аралык процессинг борборуна» кайрылыңыз.

- Мобилдик тиркемеде же интернет-банкингдин жеке кабинетинде сиздин эсептериңиздеги баланс тууралуу маалыматты тез-тез текшерип туруңуз.

Алдамчылыкка кабылбашыңыз үчүн бул маалыматты жакындарыңыз менен бөлүшүңүз

☎️ Евразиялык Сактык Банктын байланыш номери: 0312-38-91-91 (кош. 167).

☎️ «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКнын байланыш номери: 0 312 637696.

Банк кардар тарабынан купуя маалыматтын жоголушу, текшерилбеген интернет-ресурстарды пайдаланууда жеке маалыматтардын берилиши, ошондой эле сайттарда алдамчылар тарабынан жүргүзүлгөн транзакциялар үчүн жоопкерчилик тартпайт.