ЖАҢЫЛЫКТАР

Евразиялык Сактык Банкынын ЭЛКАРТ төлөм карталарына “Золотая Корона” аркылуу акча төлөмдөрүн аткарыңыз

Евразиялык Сактык Банкынын ЭЛКАРТ төлөм карталарына “Золотая Корона” аркылуу акча төлөмдөрүн аткарыңыз

КМШ (Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги) жана алыскы чет өлкөлөрдөн жөнөтүлгөн которууларды кабыл алуу кызматы «Евразиялык Сактык Банкы» ААК тарабынан чыгарылган ЭЛКАРТ төлөм карталарынын ээлерине көрсөтүлөт.

Эгерде сизде биздин Банктын «ЭЛКАРТ» картасы жок болсо, аны Кыргызстандагы каалаган Банкыбыздын бөлүмдөрүнөн заказ кылсаңыз болот.

ЭЛКАРТка кантип акча которо аласыз?

  • «KoronaPay» тиркемесинде «Которууну алуу» опциясын тандаңыз;
  • Которууну картага алуу үчүн «Эсепке өткөрүү» опциясын тандоо керек;
  • Которууну жөнөтүү үчүн алуучунун аты-жөнүн жазыңыз;
  • Алуучунун банк картасынын реквизиттерин териңиз. «Эсепке которуу» опциясын тандаңыз.

Эгерде картаңызга онлайн которууларды өзүңүз алуу кыйын болсо, анда сизге ыңгайлуу болушу үчүн, биздин Банктын даректеринде акча которууларды жүргүзсөңүз болот. Бул үчүн, сиз жөн гана операторго которуу кодуңузду айтышыңыз керек, андан кийин биздин кызматкер бардык керектүү болгон аракеттерин жасайт.  *Көңүл бургула! Которууларды алуу кызматы Евразиялык Сактык Банкынын ЭЛКАРТ төлөм карталарынын ээлерине гана көрсөтүлөт.