ЖАҢЫЛЫКТАР

Евразиялык сактык кассасы Биринчи май районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөттү

«Евразиялык Сактык Банкы» 3-декабрь бүткүл дүйнөдө белгиленүүчү «Эл аралык майыптар» күнүнө карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук майыптар коомдук бирикмесине азык-түлүк түрүндө кайрымдуулук жардам көрсөттү.

Маалым болгондой, 3-декабрь – Эл аралык майыптар күнү жардамга жана колдоого муктаж адамдардын тагдырына кайдыгер карабагандардын баарын бириктирет.

Бул коом мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтөт. Алар жакырчылыктын чегинде жашаган 210 чоң адамды жана 61 жаш балдарды багышат.

Корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин алкагында банк калктын аярлуу катмарына туруктуу негизде кайрымдуулук жардам көрсөтүүгө аракет кылат. Бул жолу жардамды банк кызматкерлери жана Евразиялык Сактык Банкы өзү көрсөттү.

Ошентип, көптөгөн керектүү продуктылары сатылып алынды. Бардык продуктулар «Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук майыптар коомуна» жеткирилди. Андан соң алар жеке баштыктарга салынып, муктаж болгондорго берилет.

«Евразиялык Сактык Банкы» ААК мындан ары да өлкөбүздүн калкынын бардык социалдык аялуу катмарына ар тараптуу жардам көрсөтүүнү пландаштырып жатабыз.