ЖАҢЫЛЫКТАР

Саак болунуздар, шилуундар!

Саак болунуздар, шилуундар!

Телефондук байланыш аркылуу интернеттеги кибер кылмыштар тилекке каршы кыргызстандыктардын турмушунда көбүрөөк пайда боло баштады. Тилекке каршы, эл мурдагыдай эле өзүнүн санариптик маалыматтарына көңүлкош мамиле жасашып, кибер алдамчылардын кайырмагына илинип жатышат.

“Евразиялык сактык банкы” ААКунун адистери банктык чөйрөдөгү алдамчылыкты кантип билип жана өзүн коопсуздандыруу тууралуу айтып беришти.

Колдонуучуларды көбүнчө кантип алдап жатышат?

Бүткүл дүйнөдө накталай эмес төлөмдөрдүн саны күн сайын өсүп жатат. Бул ошондой эле  алдамчылык операциялардын саны дагы өсүп жаткандыгын билдирет. Алдамчылардын тынымы жок, алар күн сайын иштеп жатышат.

 

Бардыгынан көп алдамчылар “Банкалык карталарды чыгаруу жана тейлөө боюнча келишимдин” шарттарын бузууга алып келүүчү схемаларды пайдаланышат, атап айтканда, SMS кабарлоолордон коддорду тастыктоочу карталык же жеке маалыматтарды, логиндерди же паролдорду билдирүүгө сизди мажбурлашат.

Алдамчылар өздөрүн банктын же укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырышат, коркутуучу техникаларды колдонуп, коопсуздукту камсыз кылууну шылтоо кылуу менен картадан каражаттарды чыгарып кетишет.

 

Алдамчылар кандай ыкманы колдонушат?

Алдамчылар өз схемаларын жыл сайын алмаштырышат. Эгерде эки жыл эле мурда бир ыкманы колдонушса, азыр болсо башкаларын колдонуп жатышат.

Азыркы алдамчылыктын эң эле тараган ыкмасы – вишинг деп аталат.

Кылмышкер ири суммадагы акчаны которуу тууралуу маалыматты тактоо сунушу менен курмандыктын банктык эсебине жеткиликтүүлүктүн  реквизиттерин билип алат жана ал жактагы бардык акчаларды чыгарып кетет. Бул учурда тездикке, курмандыктын эч нерсеге түшүнө албай калган дабдырап калуу абалына, кылмышкердин коммуникативдик ынанымдуулугуна таянышат.

Вишингдин кандай түрлөрү болот?

  • Алдамчы соода аянтчасындагы товар жөнүндө чалып, алдын ала төлөм менен иш кылууну сунуш кылышы ыктымал;
  • Алдамчы банктык кызматкермин деп өзүн тааныштырып, конфиденциалдуу маалыматтарды ала баштайт;
  • Алдамчы курмандыктын тууганы ооруканада жана анын өмүрүн сактап калуу үчүн финансы керек деп билдирет.