Евразиялык Сактык Банкы атайын жалпы билим берүүчү Красноречка жатак-мектебин колдоду!
Балдарга жардам көрсөтүү боюнча кайрымдуулук акциябыздын жыйынтыгын жарыялайбыз.
Евразиялык Сактык Банкы азык-түлүк сатып алуу үчүн каражат бөлүп, бул балдардын ден соолугун колдоого маанилүү салым кошту.
Банктын кызматкерлери да четте калган жок. Алар керектүү буюмдарды, кеңсе товарларын жана кошумча акча каражаттарын чогултушту. Бул каражаттарга тигүү жана белек-буюмдарды жасоо үчүн материалдар алынды, бул балдарга келечекте кесип үйрөнүүгө жана өз алдынча жашоого жол ачат.
Мындай кайрымдуулук иш-чаралары мындан ары да уланып, дагы көп жакшылыктарды жасай алганыбызга ишенебиз!