ЖАҢЫЛЫКТАР

Кардарларга эскертүү!

Кардарларга эскертүү!

Кымбаттуу «ЕСБ» ААК кардарлары!

Биз сиздерди сак болуп, алдамчылык аракеттерден сактанууга чакырабыз. Акыркы мезгилде шылуундар ГКНБ, ИИМ, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана коммерциялык банктардын кызматкери катары тааныштырат.

Алардын максаты - сиздерди коркутуп, акча талап кылуу.

Шылуундар ар кандай ыкмаларды колдонуп, кээде камакка алуу же кылмыш ишин козгоо менен да коркутушат. Ошондуктан биз сиздерге төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:

• Шектүү чалууларга ишенбеңиз. Эгер сизге ушундай чалуу түшсө, сабырдуу болуп, паникага алдырбаңыз.
• Маалыматты текшериңиз. Сиздин банкыңызга же тиешелүү мекемеге расмий байланыштар аркылуу кайрылып, маалыматты тактаңыз.
• Жеке маалыматтарыңызды ачыкка чыгарбаңыз. Телефон аркылуу PIN-коддорду, сырсөздөрдү жана башка купуя маалыматтарды эч качан айтпаңыз.
• Аккаунттарыңызды коргоо үчүн эки факторлуу аутентификацияны колдонуңуз.
• Түзмөктөрүңүздөгү программаларды убагында жаңыртып туруңуз.
• Шилтемелерге жана тиркемелерге этият болуңуз. Белгисиз адамдардан келгендерди ачпаңыз.

Эгер киберкылмыштын курмандыгы болуп калсаңыз:

Дароо банкыңызга кайрылып, болгон окуяны кабарлаңыз.
Милиция органдарына кайрылып, жакынкы бөлүмгө арыз жазыңыз.
Бардык далилдерди сактап коюңуз: билдирүүлөрдү, телефон номерлерин жана окуяга байланыштуу башка маалыматтарды.

Эсиңизде болсун: бир да укук коргоо же каржылык мекеме телефон аркылуу акча которууну же жеке маалымат берүүнү талап кылбайт.

Эгер суроолоруңуз жаралса, ИИМдин 102 кызматына же расмий каналдар аркылуу кайрылыңыз.

Финансыңызды сактаңыз жана ар дайым сак болуңуз!