«Евразиялык Сактык Банкы» ААК эл аралык төлөмдөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет!
Биздин банк “Капиталбанк” АКБда корреспонденттик эсептерди ачкандыгы жөнүндө кубаныч менен кабарлайбыз. Эми биздин кардарлар Өзбекстандын бардык аймагында орус рубли (RUB) жана өзбек суму (UZS) менен төлөмдөрдү ыңгайлуу жана тез жүргүзө алышат.
АКБ «Капиталбанк» Өзбекстандагы биринчи жеке коммерциялык банктардын бири болуп, 2001-жылдан бери иштеп жатат. Бүгүнкү күндө Капиталбанк инновациялык технологияларды активдүү өнүктүрүп, сапаттуу банктык кызматтарды көрсөтүү менен каржы рыногундагы лидерлердин бири болуп саналат.
Биз сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн финансылык чечимдерди иштеп чыгууну улантабыз!