ЖАҢЫЛЫКТАР

Салыктарды 1-сентябрга чейин төлөөгө шашылыңыз

Салыктарды 1-сентябрга чейин төлөөгө шашылыңыз

Салыктарды биздин ESB мобилдик тиркемесинде оңой жана тез төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар.

Ошондой эле, салыктарды cabinet.salyk.kg сайтындагы Салык төлөөчүнүн кабинетинде түзүлгөн төлөм коду боюнча же "Salyk.kg" мобилдик тиркемеси аркылуу төлөөгө болот.

Белгиленген мөөнөттө төмөнкүлөрдү төлөө керек:
–  транспорт каражатына салык;
– турак жай, батирлерге (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) салык;
– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Өз убагында төлөбөгөн учурда айып пул каралган.

Акыркы мүнөткө чейин күтпөңүз, төлөмүңүздү бүгүн жасаңыз!

Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 телефону аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.