ЖАҢЫЛЫКТАР

«Евразиялык Сактык Банкы» ААК италиялык Banca Popolare di Sondrio банкында евро менен төлөмдөр үчүн жаңы корреспонденттик эсеп ачты

«Евразиялык Сактык Банкы» ААК италиялык Banca Popolare di Sondrio банкында евро менен төлөмдөр үчүн жаңы корреспонденттик эсеп ачты

Евразиялык Сактык Банкы өз кардарларына италиялык Banca Popolare di Sondrio банкында корреспонденттик эсеп ачылгандыгы тууралуу маалымдайт. Бул кызматташтык банкка жана анын кардарларына европалык рынокто ишенимдүү өнөктөш аркылуу түз евродо төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

«150 жылдан ашык тарыхы бар Banca Popolare di Sondrio биздин банкты өнөктөш катары тандап алганына сыймыктанабыз. Бул биздин кардарлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, аларга Италиянын эң туруктуу жана кадыр-барктуу банктарынын биринин артыкчылыктарын колдонууга мүмкүндүк берет», - «Евразиялык Сактык Банкынын» АКК Башкармалыгынын Төрагасы Орозбаев Улан Бактыбекович билдирди.

 

Banca Popolare di Sondrio жөнүндө

Banca Popolare di Sondrio 1871-жылы негизделген Италиядагы улуу тарыхы бар банктардын бири. Бул бүткүл Европадагы каржы институттары үчүн ишенимдүү өнөктөш жана италиялык банк тутумунда маанилүү ролду ойнойт. Банк жеке жана корпоративдик кардарларга тейлөө сапатынын жогорку стандарттарын камсыз кылуу менен финансылык продуктылардын жана кызматтардын кеңири спектрин сунуштайт.

 

Евразиялык Сактык Банкы жөнүндө

Евразиялык Сактык Банкы кардарларга финансылык кызматтардын толук спектрин көрсөтүү менен региондогу алдыңкы банктардын бири болуп саналат. Банк өз кардарларына бизнес жүргүзүү жана финансылык пландаштыруу үчүн эң жакшы шарттарды сунуштоого умтулуп, эл аралык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүдө.