ЭЛКАРТ улуттук төлөм картасы

ЭЛКАРТ - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА БИРДИКТҮҮ НАКТАЛАЙ ЭМЕС ТӨЛӨМ МЕЙКИНДИГИН ТҮЗҮҮНҮН АЛКАГЫНДА ЧЫГАРЫЛГАН ЖАШООНУН БАРДЫК УЧУРЛАРЫ ҮЧҮН КАРТА.
Валюта | Жылдык тейлөө | Чыгаруу |
|---|---|---|
Сом | Акысыз | 500 сом |
ЭЛКАРТ улуттук төлөм картасы
Элкарт улуттук төлөм картасы - бул Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү накталай эмес төлөм мейкиндигин түзүүнүн алкагында чыгарылган, жашоонун бардык учурлары үчүн универсалдык төлөм куралы болуп эсептелет.
ЭЛКАРТ картасын айырмалап турган өзгөчөлүктөр сизге төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- биздин Банктын филиалдарындагы банкомат жана пос-терминалдардын түйүндөрү аркылуу акча каражаттарына күнү-түнү жетүүгө болот
- эсепти өз алдынча, анын ичинде Банктын борбордук кеңсесинде менчик каражаттарды эсепке киргизүү аркылуу башкаруу жана толуктоо;
- карта ээси банк кызматтарынын толук комплексин колдонууга мүмкүнчүлүк алат;
- насыя боюнча карыздарды накталай эмес төлөө мүмкүнчүлүгү;
- каалаган коммерциялык банктын банкомат жана терминалдарынан нак акча алуу;
ЭЛКАРТ төлөм карталарынын өзгөчөлүктөрү:
- Жылдык тейлөө - акысыз
- Элкарт NFC картасын чыгаруу үчүн бир жолку төлөм - 500 сом
- Акча каражаттарын эсепке киргизүү - акысыз
- Товар жана кызматтарга накталай эмес төлөө - акысыз
Тарифтер
| Тейлөө шарттары | Кыргыз сомунда |
|---|---|
| Элкарт NFC картасын чыгаруу үчүн бир жолку төлөм | 500 сом |
| Жылдык тейлөө | акысыз |
| Калган акча каражаттар боюнча пайыздарды кошумчалоо | 0% жылдык |
| Евразиялык Сактык Банкынын инфраструктурасында нак акчага айландыруу | 0,4% (ар бир 1000 сом үчүн 4 сом) |
| Четтик банктардын инфраструктурасында нак акчага айландыруу | 0,6% (ар бир 1000 сом үчүн 6 сом) |
| Акча каражаттарын эсепке киргизүү | акысыз |
| Товар жана кызматтарга накталай эмес төлөө | акысыз |
| Элкарт NFC картасын кайталап чыгаруу | 500 сом |
| Элкарт NFC картасынын төмөндөтүлбөгөн калдыгы | 100 сом |
| Элкарт NFC картасын шашылыш чыгаруу | 700 сом |
