Сейфтик депозитарий

Депозитардык уяча банктын ичиндеги броняланган жайда жайгашкан, ишенимдүү корголгон сейф болуп саналат. Сейф документтерди, накталай акчаларды, зер буюмдарды коопсуз сактоого арналган.

Сиз үчүн баалуу буюмдарды банк сейфтеринде сактоо менен, Сиз узак сапарларга баалуулуктарыңыздын жана документтериңиздин сактыгы үчүн тынчсызданбай эле жөнөй берсеңиз болот.

Сактоонун ишенимдүүлүгү жана коопсуздугу күнү-түнү турган күзөт, заманбап байкоо жана сигнализация системалары менен камсыздалат.

Уячаларды ижарага алуу мөөнөттөрү, Сизге зарыл болгон мөөнөткө узартуу мүмкүнчүлүгү менен,1 күндөн1 жылга чейин болот.

Евразиялык Сактык Банкы сейфти суткасына 15 сом баасы менен берет. Сейфти ачуу же колдонуу укугун башка адамга өткөрүп берсеңиз болот. «Евразиялык Сактык Банкы» ААКы сактоого берилген нерселердин сактыгына кепилдик берет жана олук анонимдүүлүктү жана купуялыкты камсыздайт.