ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГ СИСТЕМАСЫ
Интернет-банкинг системасы – бул реалдуу убакыт режиминде суткасына 24 саат, жумасына 7 күн бою Интернет аркылуу эсептерди башкаруу мүмкүндүгүн берген дистанттык банк тейлөөсүнүн коопсуз жана ыңгайлуу ыкмасы. Сиздерге интернет-банкинг кызматын колдонуунун 2 түрүн сунуштайбыз: көрүү режими жана толук режим.
Кароо режими кардарларга төмөнкү операцияларды аткарууга мүмкүндүк берет:
• каалаган учурда өз эсебиңиздин балансы тууралуу маалымат ;
• каалаган убакта эсептеги каражаттардын кыймылы тууралуу көчүрмө алуу.
Толук режим кардарларга өз эсептерин арадан башкарып, төмөнкү операцияларды аткарууга мүмкүндүк берет:
• каалаган учурда өз эсебиңиздин балансы тууралуу маалымат алуу;
• каалаган убакта эсептеги каражаттардын кыймылы тууралуу көчүрмө алуу;
• Жергиликтүү жана эл аралык акча которууларын жүргүзүү, анын ичинде валютаны алмаштыруу менен;
• Эсептерди төлөө;
• Банкка эркин формадагы билдирүүлөрдү жөнөтүү;
• Төлөмдөрдүн жана буйруктардын тарыхын кароо, жана ошондой эле ар бир төлөмдүн же буйруктун статусу тууралуу маалымат алуу.
ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГ КЫЗМАТЫН ТУТАШТЫРУУ ҮЧҮН СИЗГЕ ТӨМӨНКҮЛӨР КЕРЕК:
• «Евразиялык Сактык Банкы» ААКында эсептин болушу/эсеп ачуу;
• Банктын сайтындагы «Документация» бөлүмүндө жайгашкан бул Келишимдин шарттарын сөзсүз кабыл алуу менен «Интернет-банкинг» кызматын (ачык оферта) туташтыруу жөнүндө Келишим менен таанышуу;
• Арызды толтуруп, Банктан логин жана сыр сөз жазылган конвертти алуу.
Системага кирүүнү аткаруу үчүн коопсуздукту камсыздоо үчүн, логин, сыр сөз жана системага уруксатсыз кирүү тобокелдигин болушунча азайтуучу эки фактордук аутентификация колдонулат. Логин менен сыр сөз көрсөтүлгөндөн кийин, кардардын интернет-банкинг колдонуу жөнүндө арызында көрсөтүлгөн уюлдук номерине же электрондук дарегине акысыз түрдө жөнөтүлгөн бир жолку жеткилик кодун жазуу керек. Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууда жеткилик кодун алуу үчүн, роуминг туташтыруу, же кардардын электрондук почта дарегин көрсөтүү зарыл.
Көңүл буруңуздар: Интернет-банкинг кызматын коопсуз колдонуу үчүн, үчүнчү жактарга жеке маалыматтарыңызды (логин, сыр сөз, жеткилик коду) бербөөңүздөрдү, колдонуучу маалыматын сураган каттарга жооп бербөөңүзөрдү суранабыз. Банк эч убакта кардарлардан бул маалыматты сурабайт.
Урматтуу банктын кардарлары жана өнөктөштөрү!
Тандооңуз жана ишенимиңиз үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!
«Евразиялык сактык банкы» ААК өзүнүн негизги милдетин кардарлар менен абийирдүү жана чынчыл мамиледе болуу жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын дайыма жакшыртуу катары коет.
Кардарлардын бардык категориялары үчүн максималдуу жеткиликтүүлүккө умтулуп, алардын ар биринин муктаждыктарын канааттандыруу менен биз кардарларыбызды жарым жолдо тосуп алабыз жана аларга колдоо көрсөтүүгө дайым даярбыз.
Кардардын суроо-талабы кароосуз калтырылбайт жана Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө каралат.
Эгерде сизде кандайдыр бир суроолор же сунуштар болсо, сиз:
- Телефон аркылуу Банкка кайрылыңыз: +996 (312) 38-91-91;
- Жазуу түрүндөгү суроо-талапты/сунушту office@esb.kg электрондук почтасына жөнөтүңүз;
- Банктын бардык бөлүмдөрүндөгү “Арыздар жана сунуштар китебине” жазуу киргизиңиз;
- Банктын Башкы кеңсесинин/филиалынын бөлүм башчысынын жеке кабыл алуусунда өз каалооңузду/сунушуңузду билдириңиз.
Кардарларды кабыл алуу графиги:
- Банк Башкармасынын Төрагасы — Шаршемби күнү 16:30 дан 17:30 га чейин;
- Филиалдын директору Дордой — Шейшемби күнү саат 8: 00дөн 9: 00гө чейин;
- Ош филиалынын директору — шейшемби күнү саат 10: 00дөн 12: 00гө чейин
«Евразия сактык банкы» ААКтын керектөөчүлөрүнүн кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө кененирээк маалыматты бул жерден тапса болот