Банк жөнүндө

«Евразиялык Сактык Банкы» ачык акционердик коому
(«Евразия сактык банкы» ААК)

  • Түзүлгөн жылы::

    1998 год

  • Уставдык капитал:

    300 000 000 сом

  • Жайгашкан жери:

    Кыргызстан Республикасы,
    Бишкек шаары,
    Ибраимова көч, 40/1

  • Телефон:

    +996 (312) 38-91-91

  • Факс:

    +996 (312) 38-92-08

  • Электрондук почтанын дареги:

    office@kcredit.kg

Банк тарыхы

1997-1999 Банктын түзүлүшү

  • 1997 -жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан жаңы коммерциялык банк катталган — ААКБ «КыргызКредит Банк», уставдык капиталы 15 млн.
  • 1998-жылы банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан улуттук жана чет өлкөлүк валютада операцияларды жүргүзүүгө лицензия алган.

2000-2003

  • КыргызКредит Банкы биринчилерден болуп калкка турак жай сатып алуу жана куруу үчүн кредиттерди бере баштаган.
  • Банк өзүнүн атынан жана кардарларынын атынан иш алып барып, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда негизги дилер статусун алган.
  • Уставдык капитал 35 миллион сомго чейин көбөйгөн.

2004-2005

  • Кыргыз фондулук биржасында листингден өткөндөн кийин Банк «КыргызКредит Банк» ачык акционердик коому катары кайра каттоодон өткөн.
  • Банк биринчи бөлүмүн — «КыргызКредит -ЦУМ» — «Айчүрөк» ЦУМунун ири соода борборлорунун биринде ачты.
  • Кардарларга жаңы кредит продуктусу – узак мөөнөткө колдонулуучу товарларды сатып алуу үчүн «Ыкчам кредит» сунушталды.
  • КыргызКредит Банкы Кыргыз Республикасынын Банктар Ассоциациясына кирди.
  • Банктын уставдык капиталы 110 миллион сомго чейин көбөйтүлдү. Банктын кирешелүү ишмердүүлүгү анын акционерлерине дивиденддерди төлөп баштоого мүмкүндүк берди.

2006-2007

  • КыргызКредит Банкы банктар аралык процессингдик борбордун мүчөсү болуу менен «Элкарт» улуттук төлөм карталарын чыгарууну жана тейлөөнү баштады.
  • Банктын уставдык капиталы 200 миллион сомго чейин көбөйтүлүп, баланстык жалпы суммасы 600 миллион сомдон ашык сумманы түздү.

2008

  • Банктын маалымат базасын кыйла натыйжалуу жана тез иштетүүгө, ошондой эле банк продуктуларынын ассортиментин кеңейтүүгө мүмкүндүк берүүчү жаңы программалык камсыздоо киргизилген.
  • Банк филиалдык тармагын активдүү кеңейтүүнү жана сунушталган эл аралык тез акча которуу системаларынын санын көбөйтүүнү улантты.
  • Банк Борбордук Азия фондулук биржасында листинг процедурасынан өттү.
  • Банктын уставдык капиталы 300 миллион сомго чейин көбөйгөн.