ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГ СИСТЕМАСЫ
Интернет-банкинг системасы – бул реалдуу убакыт режиминде суткасына 24 саат, жумасына 7 күн бою Интернет аркылуу эсептерди башкаруу мүмкүндүгүн берген дистанттык банк тейлөөсүнүн коопсуз жана ыңгайлуу ыкмасы. Сиздерге интернет-банкинг кызматын колдонуунун 2 түрүн сунуштайбыз: көрүү режими жана толук режим.
Кароо режими кардарларга төмөнкү операцияларды аткарууга мүмкүндүк берет:
• каалаган учурда өз эсебиңиздин балансы тууралуу маалымат ;
• каалаган убакта эсептеги каражаттардын кыймылы тууралуу көчүрмө алуу.
Толук режим кардарларга өз эсептерин арадан башкарып, төмөнкү операцияларды аткарууга мүмкүндүк берет:
• каалаган учурда өз эсебиңиздин балансы тууралуу маалымат алуу;
• каалаган убакта эсептеги каражаттардын кыймылы тууралуу көчүрмө алуу;
• Жергиликтүү жана эл аралык акча которууларын жүргүзүү, анын ичинде валютаны алмаштыруу менен;
• Эсептерди төлөө;
• Банкка эркин формадагы билдирүүлөрдү жөнөтүү;
• Төлөмдөрдүн жана буйруктардын тарыхын кароо, жана ошондой эле ар бир төлөмдүн же буйруктун статусу тууралуу маалымат алуу.
ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГ КЫЗМАТЫН ТУТАШТЫРУУ ҮЧҮН СИЗГЕ ТӨМӨНКҮЛӨР КЕРЕК:
• «Евразиялык Сактык Банкы» ААКында эсептин болушу/эсеп ачуу;
• Банктын сайтындагы «Документация» бөлүмүндө жайгашкан бул Келишимдин шарттарын сөзсүз кабыл алуу менен «Интернет-банкинг» кызматын (ачык оферта) туташтыруу жөнүндө Келишим менен таанышуу;
• Арызды толтуруп, Банктан логин жана сыр сөз жазылган конвертти алуу.
Системага кирүүнү аткаруу үчүн коопсуздукту камсыздоо үчүн, логин, сыр сөз жана системага уруксатсыз кирүү тобокелдигин болушунча азайтуучу эки фактордук аутентификация колдонулат. Логин менен сыр сөз көрсөтүлгөндөн кийин, кардардын интернет-банкинг колдонуу жөнүндө арызында көрсөтүлгөн уюлдук номерине же электрондук дарегине акысыз түрдө жөнөтүлгөн бир жолку жеткилик кодун жазуу керек. Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууда жеткилик кодун алуу үчүн, роуминг туташтыруу, же кардардын электрондук почта дарегин көрсөтүү зарыл.
Көңүл буруңуздар: Интернет-банкинг кызматын коопсуз колдонуу үчүн, үчүнчү жактарга жеке маалыматтарыңызды (логин, сыр сөз, жеткилик коду) бербөөңүздөрдү, колдонуучу маалыматын сураган каттарга жооп бербөөңүзөрдү суранабыз. Банк эч убакта кардарлардан бул маалыматты сурабайт.
Бизнести өнрүктүрүү үчүн насыялар
Физикалык жактарга бизнес үчүн насыялар/насыя багыттары (товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана бизнести кеңейтүү):
— Пайыздык чен:
— Улуттук валютада:
500 000 сомго чейин — 20%; 500 001 сомдон 1 000 000 сомго чейин — 19%; 1 000 001 сомдон жогору — 18% жылдык;
— Насыянын мөөнөтү – 6 айдан 36 айга чейин (индивидуалдуу түрдө 60 айга чейин);
— Кирешелерди тастыктоо — милдеттүү түрдө;
— Күрөө менен камсыздоо – кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк;
Зарыл болгон учурда кошумча күрөө (кепил ж.б.);
Юридикалык жактарга бизнес үчүн насыялар/насыя багыты (товар жүгүртүүнү көбөйтүү, бизнести кеңейтүү, жабдууларды сатып алуу):
— Пайыздык чен:
— Улуттук валютада:
500 000 сомго чейин — 20%; 500 001 сомдон 1 000 000 сомго чейин — 19%; 1 000 001 сомдон жогору — 18% жылдык;
— Насыянын мөөнөтү – 6 айдан 36 айга чейин (индивидуалдуу түрдө 60 айга чейин);
— Кирешелерди тастыктоо — милдеттүү түрдө;
— Күрөө менен камсыздоо – кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк;
Зарыл болгон учурда кошумча күрөө (кепил ж.б.);
Эффективдүү пайыздык чен 20%дан жогору.