Биздин жанылыктарыбыз

 

Урматтуу Golden Crown Payment кызматынын катышуучусу! 2021 -жылдын 14 -сентябрынан тартып, Золотая Корона — Акча которуулар кызматы (мындан ары — Кызмат) Alipay эсебинин идентификатору аркылуу Кытайга которууларды жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды. Мындай которууну алуу үчүн Кытайдагы алуучу адегенде тез каттоодон өтүп, идентификаторун — Alipay ID алуусу керек.

Акча которуу — АКШ доллары (АКШ доллары).

Которуу үчүн төлөм накталай түрдө АКШ долларында (АКШ доллары) же башка жеткиликтүү валютада мүмкүн.

Которуу үчүн АКШ долларынан башка валютада төлөм жүргүзүүдө, которуунун суммасы Кызматтын Эрежелерине ылайык, которуу кабыл алынган учурда Эсептешүү Борбору тарабынан белгиленген курс боюнча конвертацияланат.

Которуу жөнөтүү учурунда белгиленген конверсия курсу боюнча юань (CNY) менен чегерилет.

Которууну жөнөтүү үчүн жөнөтүүчү Alipay ID жана алуучунун толук атын көрсөтүшү керек.

 

15/09/2021

__________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Урматтуу кардарлар!

Сиздердин ыңгайыңыздар жана убакытты үнөмдөөңүздөр үчүн насыяларды төлөөнү UMAI жана Balance.kg тиркемелери, жана ошондой эле UMAI терминалдары аркылуу аткарсаңыздар болот.  Комиссия суммадан 1%ды түзөт.

_______________________________________________________________________________________________________________________________

Урматтуу кардарлар!

Сиздер үчүн мыкты жаңылыгыбыз бар!

ЭЛКАРТ Мобайл уюлдук тиркемеси жаңы банк кызматтары менен толукталды. Эми Сиздер биздин «Евразиялык Сактык Банкы» ААК Банкыбыздан эсептик бет эсебиңиздерди толуктап, насыяларды төлөй аласыздар.

Жогоруда көрсөтүлгөн бардык кызматтар «Евразиялык Сактык Банкы» ААК салмасынын «Банк кызматтары» категориясында жайгашкан. ЭЛКАРТ Мобайл тиркемеси Google Play жана App Store’до жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү.

_______________________________________________________________________________________________________________________________

Кыргызстан Банктар Союзу Банк кызматкеринин күнүнө карата биздин Банкыбыздын кызматкерлерин сыйлады:

  • Имаралиева Жамила Нурмахаматовна — «Евразиялык Сактык Банкы» ААКынын Башкы бухгалтери — КБСнын Ардак грамотасы;
  • Молдосанов Искендер Назаркулович — Казына Башкармалыгынын Дилинг операциялары жана баалуу кагаздар рыногу бөлүмүнүн башчысы — КБСнын Ыраазычылык каты;
  • Тиленбаев Залкарбек Токтогулович — Төлөм тутумдарынын Башкармалыгынын Пластик карталар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы — КБСнын Ыраазычылык каты;
  • Молдокулова Рая Максутовна — Бухгалтердик учет жана отчеттуулук Башкармалыгынын башчысы — КБСнын Ыраазычылык каты;
  • Валитова Наиля Анваровна — Персонал менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы — КБСнын Ыраазычылык каты;
  • Насирова Гулзат Абдымомуновна — Тобокелдик менеджменти кызматынын жетекчисинин м.а. — КБСнын Ыраазычылык каты.

Ошондой эле ММБФтен сыйланды:

  • Асыгалиева Роза Орозбековна — Юридикалык бөлүмүнүн башчысы — Ардак грамотасы.

Сыйлык ээлерине күнүмдүк маселеледи чечүүдө тырышчаактыкты жана чыдамкайлыкты, жаңы мейкиндиктерди жана жеке ийгиликтерди каалайбыз, жашооңуздар кубанычтуу болуп, бир гана жакшы жаңылыктарды жана бактылуу көз ирмемдерди көп тартуулап турсун!  

 _____________________________________________________________________________________________________________________

Урматтуу кардарлар!

Насыялар боюнча пайыздык чендер 18% башталат!

Комиссия алынбайт!

________________________________________________________________________________________________________________________________

Урматтуу кардарлар!

Сиздердин ыңгайыңыздар үчүн Дордой филиалы эми жекшемби күндөрү да иштейт.

Дордой филиалынын дареги: Бишкек ш., Кожевенная көч., 74, Алкан-Дордой базары.

Тел.:+996 312 37 77 68

Урматтуу кардарлар!

«Евразиялык Сактык Банкы» ААКы 50 000 сомдон 10 000 000 сомго чейин комиссиясыз насыяларды сунуштайт!